Загрузка документа…
ООШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 44
№11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында окуган окуучуларга жайкы жана кышкы кийимдерди сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө акулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында окуган окуучуларга жайкы жана кышкы кийимдерди сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 29-майындагы №13 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын окуучуларына жайкы жана кышкы кийимдерди сатып алууга ар бир окуучу үчүн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2025-жылдагы бюджетинин үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |