Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 27-майы №41
«Арал айылындагы Т.Жээналиев көчөсүнөн балдар ойноочу аянтчага берилген 667,3 чарчы метр жер тилкесинин айланасынан кошумча 332,7 чарчы метр жер тилкесин кошуп берүү жөнүндө»
Атай айыл аймагынын Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнөн балдар ойноочу аянтчага бөлүнүп берилген 667,3 чарчы метр жер тилкеси балдардын ойноосуна тар болуп жаткандыктан кошумча 332,7 чарчы метр жер тилкесин ушул аянттын айланасындагы бош жаткан жерден кошуп берүү боюнча Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 09.04.2025-жылдагы №01-12/1444 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I шайланышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнөн балдар ойноочу аянтчага бөлүнүп берилген 667,3 чарчы метр жер тилкесинин айланасынан кошумча 332,7 жер тилкеси берилсин.
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |