АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 27-майы №42
«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга мүмкүндүгү (трансформациялоо) жөнүндө»
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Торугарт-Жалал-Абад темир жолун жана анын инфраструктурасын куруу үчүн Тогуз-Торо райондук комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы корутундусуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торугарт-Жалал-Абад темир жол жана анын инфраструктурасын куруу үчүн 1-тиркемеге ылайык Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 44,97 га жерлер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |