Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 47
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №18 “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №18 “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 29-майындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №18 “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомунун 8-пунктунун 3-пунктчасындагы “110” деген цифра “220” деген цифрага алмаштырылып, өзгөртүү киргизилсин.
2. №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында жатып окуган окуучулардын күнүмдүк тамак-ашы үчүн кошумча белгиленип жаткан 110 сом акча каражатын каржылоо Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2025-жылдагы бюджетинин үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |