Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ала-Тоо айылдык кеңештин биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры № 1

 

Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

 

Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу жөнүндө Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

2. Юсупов Фаррух Фахриддинович айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Ала-Тоо айылдык

кеңештин төрагасы:

 

Ф.Ф.Юсупов