Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 37
Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Кызыл-Кыштак айылынын башкы планын жана ага бириктирилген деталдык пландоо
долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаарынын шаар курууну өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы шаар куруу жана архитектура департаметинин 1-бөлүмүнүн башчысы Ж.Уркалиевдин Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Кызыл-Кыштак айылынын башкы планы жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги №24 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Кызыл-Кыштак айылынын башкы планы жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев):
- мыйзамда каралган тартипте аймактагы жеке менчик жер тилкелердин максаттык багыттарын бекитилген Кызыл-Кыштак айылынын башкы планына жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбооруна ылайыкташтыруу менен өзгөртпөстөн иш алып баруу;
- ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Сулайман-Тоонун буфердик аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү иш алып баруу;
- жарандарга башкы план жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоору боюнча маалыматка электрондук жеткиликтүүлүктү камсыздоо милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Кызыл-Кыштак айылынын башкы планын жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоорун бекитүү жөнүндө.
Төрага | Б.Т. Баетов |
МАЗМУНУ
1. Киришүү
2. Демографиялык абал
3. Социалдык-экономикалык өнүгүү
4. Территориялык өнүгүү
5. Структуралык-функционалдык өнүгүү
6. Архитектуралык-пландык зоналаштыруу
7. Транспорттук инфратүзүм
8. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо
9. Табигый жана айыл чарба ландшафттарынын зонасы
10. Аймактын долбоордук балансы
1.Киришүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018–2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №313, 2025-жылдын 22-апрелиндеги №221 токтомдорунун редакцияларына ылайык) аткаруу максатында, 2023-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылына башкы планын долбоорлоого тапшырма даярдалып, бекитилген жана бул иштерди аткаруу боюнча Кара-Суу администрациясы менен келишим түзүлгөн.
Кызыл-Кыштак айылынын башкы планы жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашыруу максатында аткарылды.
Долбоордук техникалык документтер электрондук топографиялык негизде даярдалган, AutoCAD программасында Кыргызгоскартография тарабынан жүргүзүлгөн 1:10000, 1:25000 жана 1:5000 масштабындагы топогеодезиялык изилдөөлөрдүн материалдарын колдонуу менен иштелип чыккан жана Google карталары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматтары, жер пайдалануу жагдайы жана транспорт инфраструктурасынын абалы эске алынган.
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Кызыл-Кыштак айылы — Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл. Айыл аймагынын административдик борбору болуп, түндүгүнөн Өзбекстандын Ходжаабад району менен чектешет. Деңиз деңгээлинен 920 метр бийиктикте жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Кызыл-Кыштак айылы Ош шаарынын курамына кирген.
Кыйын сейсмологиялык жана инженер-геологиялык шарттар, экзогендик процесстер белгиленген курулуш нормалары менен эрежелерин так сактоону жана мүмкүн болгон кырсык кырдаалдардан курулуштун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү шаар куруу иш-чараларын жүргүзүүнү талап кылат. Ош шаарын пландоо жана курулушту өнүктүрүү, структуралык-функционалдык кайра уюштуруу инженер-геологиялык жана сейсмологиялык изилдөөлөрдүн талаптарын жана курулуш коопсуздугунун эрежелерин так сактоо менен пландаштырылып, жүзөгө ашырылышы керек. Бул талаптар курулуштун коопсуздугу менен Ош шаары жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү муктаждыктарынын ортосунда туруктуу тең салмактуулукту жөнгө салуу шарттарын түзүүгө ылайыкталып, сейсмикалык таасирлердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, курулуш жайларынын топурак-геологиялык шарттарына ылайык, калктуу конушту жайгаштыруу, имараттарды жана курулуштарды колдонуу үчүн ишенимдүүлүк менен коопсуздукту камсыздоого багытталган.
Шаар куруу документи шаар куруу маселелерин чечүүгө жана шаар куруу стратегиясын пландуу жүзөгө ашырууга багытталып, шаар жана шаар четиндеги аймактардын өнүгүүсүн жакшыртуу жана бири-бири менен тыгыз байланышкан комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн түзүлгөн.
СОГЛАСОВАНО
Начальник Кара-Суйского
Районного управления по