Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 30
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 2 200 000 000 сом акча каражатын Ош шаарынын жолдорун капиталдык оңдоого жана жашылдандырууга бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 2 200 000 000 сом акча каражатын Ош шаарынын жолдорун капиталдык оңдоого жана жашылдандырууга бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 10-апрелиндеги №7 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 2 200 000 000 сом акча каражатын Ош шаарынын жолдорун капиталдык оңдоого жана жашылдандырууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына 2 200 000 000 сом акча каражатынын максаттуу пайдалануусун, аткарылуучу жумуштар Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык жүрүүсүн камсыздоо жана аткарылган жумуштар боюнча шаардык Кеңешке маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |