Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 32
“Ош ТВ” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэринин орун басары С.Аманованын “Ош ТВ” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 8-апрелиндеги №3 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ош ТВ” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берилсин.
2.“Ош ТВ” муниципалдык мекемесине шаардык Кеңештин сессияларын жана депутаттардын ишмердүүлүгүн калкка чагылдыруу багытында ар кандай форматтагы программаларды уюштуруу тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |