Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 33
Муниципалдык жер тилкелерин ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинде 2023-жылдын 17-январында болгон кеңешменин протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары М.Орозалиевдин муниципалдык жер тилкелерин ижара акысынан бошотуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 8-апрелиндеги №6 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна “Рест Поинт” комплексин куруу үчүн ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 550,90 чарчы метр жер тилкесинин жана Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндөгү А.Навои эс алуу багынын түштүк тарабында жайгашкан жалпы аянты 273,0 чарчы метр жер тилкесинин ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 550,90 чарчы метр жер тилкесин ижарага берүү боюнча “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын имаратынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан фонтанды толук реконструкциялоону камсыздоо милдеттендирилсин жана ижарага берилген жер тилкелериндеги “Рест Поинт” комплекстерин шаардын муниципалдык менчигине алуу боюнча жумуштарды жүргүзүү жагы сунушталсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |