Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 35
Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылып жатышы жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылга кабыл алган иш-планына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы М.Казыбай уулунун, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары М.Орозалиевдин жана Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын башчысынын орун басары С.Эгембердиевдин Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылып жатышы жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-мартындагы №2 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылып жатышы жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |