Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ VII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 16-апрели № 31
Мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Казыбай уулу Мирландын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан өткөрүлүп берилүүчү 400 даана телевизор, 200 даана мобилдик телефонду Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги №25 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Мамлекеттик менчиктеги 400 даана телевизор, 200 даана мобилдик телефонду Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |