Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезекcиз IV   сессиясынын

 

  2025-жылынын  26-февралы  №4/18

 

« Патент  салыгын кыскартуу  жөнүндө»

 

          Айры-Там айыл аймагындагы патент менен иштөөчү жеке ишкерлердин дээрлик баары “Бирдиктүү салык” түрүнө өтүп кеткендигине байланыштуу, Айры-Там айыл өкмөтү М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Айыл аймакта 170 000(жүз жетимиш миң) сомду түзгөн патент салыгы 90 000(токсон миң) сомго кыскартылсын;

 

  1. Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин;

 

    3.        Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

    4.        Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

                                       М.Кулуев.