Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 46
Баткен шаарынын Базар-Башы аймагындагы И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан “Баткен областтык экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын эски имаратын ээлеген жер аянты менен” Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 19-беренесине, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 20-мартындаг №01-12/1283 катына, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-мартындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Базар-Башы аймагындагы И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан “Баткен областтык экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын эски имаратын ээлеген жер аянты менен Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Имаратты кабыл алууга тиешелүү иш кагаздарын жасоо Баткен шаарынын мэриясына /Т.Абыкеев/ тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |