Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 48
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы “Мадина” шаарчасынын башкы планына ылайык бөлүнгөн 5,0 га жер аянтынын ичинен, 0,50 га жер аянтына мамлекеттик ипотекалык компанияга көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу” жөнүндөгү №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 28-мартындагы №01-12/1402 катына, Баткен шаардык Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-мартындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы “Мадина” шаарчасынын башкы планына ылайык бөлүнгөн жалпы 5,0 (беш) гектар жер аянты көп кабаттуу турак жайлардын курулушу үчун “Мамалекеттик ипотекалык” ачык акционердик коомуна пайдаланууга бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин. (эскиздик план тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |