Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 53
“Баткен шаарынын Чет-Булак-5 көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы социалдык курулмалар аймагындагы “мончо үчүн” калтырылган 0,15 га жер аянтын Баткен шаарынын мэриясынын карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №31 токтомуна түзөтүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 19-беренесине жана шаар мэриясынын түзөтүү жөнүндөгү сунушу, Баткен шаардык Кенешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 4-апрелиндеги корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак-5 көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы социалдык курулмалар аймагындагы “мончо үчүн” калтырылган 0,15 га жер аянтын Баткен шаарынын мэриясынын карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №31 токтомуна түзөтүү киргизилсин:
2.Баткен шаарынын Чет-Булак-5 көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы социалдык курулмалар аймагындагы “мончо үчүн” калтырылган 0,15 га жер аянтын Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына кабыл алынсын.
3.Түзөтүү киргизилген токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |