Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 15-апрели № 36
Алтын-Бешик айыл аймагында үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу,аны эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана айылдык Кеңешинин Социалдык иштер баюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Сайданованын баяндамасын угуп,жана талкуулап Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Алтын-Бешик айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдуакыркы сапарга узатуу эскерүү жана үрп- адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан типтүү жобо сессияда айтылган пикирлерди эске алуу менен бекитилсин (типтүү жобо тиркелет).
2.Ушул токтомдун ишке ашыруу максатында Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн ар бир айылда комиссия түзүлсүн , комиссиянын курамына аксакалдар сотунан,аялдар кеңешинен айылдык имамдары мүчө болуп дайындалсын элдерге түшүндүрүү иштери жүргүсүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековго жана айылдык кеңешинин депутаты Социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ысманавага милдеттендирилсин.
Төрайым: | А. Матраимова |
Алтын-Бешик айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын № 36 токтомуна
Тиркеме №1
- Кыздын колун суроодо бата тойго эки тараптуу ата-энелер гана сүйлѳшүп кудалашуу, ашыкча адам алып барылбасын;
- Үйлѳнүү тойдо нан тартууну токтотулсун;
- Кудаларга гана жеңил сарпай кийгизилсин, (эки тараптуу ата-энелердин макулдашуусуна ылайык кѳйнѳк, жоолук, калпак, сырткы кийим);
- Келинге, күйѳѳ балага, кудаларга килем салуу токтотулсун;
- Кыз кѳрдү, күйѳѳ чакырды мааракелерде ашыкча мал союлбасын;
- Кыздын калыңы 200 000 (эки жүз миң) сом, 5 майда жандык, 50 кг гүрүч, 200 кг пахта берилсин;
- Куда сыйга эки тараптан келген коноктордун саны 30 дан ашпасын;
- Дастарконго спирттик ичимдиктер коюлбасын;
- Күйѳѳ баланы тосууда килем себет берүү токтосун;
- Той үлпѳтүн ѳткѳрүүдѳ кафе ресторандарда адамдардын саны 200 дѳн ашпасын;
- Конок берүү 4 тѳн ашпасын;
- ЗАГСка бир жеңил машине, бир спринтер гана уюштурулсун;
- ЗАГСка чыккан жаштарды кафелерде сыйлоону токтотсун;
- Кудаларды сыйлоодо кошумча себет тартууну токтотсун.
2. Сүннѳт той.
- Адияны берүүчүлѳргѳ ѳзүнчѳ мал союп сыйланбасын;
- Сүннѳт той ѳткѳрүүдѳ бир бодо мал союлсун;
- Дастарконго нан коюлуп, ар бирине нан тартуу токтотулсун;
- Сарпайлар жеңил түрдѳ кийгизилсин (сүннѳткѳ отургузулган балага, ата-эненсине гана);
- Конок берүү жетиден ашпасын;
- Пенсия жашынан ашкан гана аксакалдарга нан чачылысы менен берилсин;
- Мүмкүн болсо эки куда тарап себеттин жана кийинүү чыгымдарын базарга барбастан акчалай жардам кылууну сүлѳшсүн.
3. Бешик той.
- Бешик берүүдѳ жаңы тѳрѳлгѳн балага ата-энесине гана жеңил түрдѳ кийим кече берилсин;
- Бешик берүүчү тарап 10дон ашык адам алып барбасын ( бешик, килем, кѳрпѳ, коляска, кийим ушулар гана барылсын ).
4. Акыйка (Жентек той).
- Кыз бала тѳрѳлсѳ бир кой, уул бала тѳрѳлсѳ эки койдон ашпаган мал союлсун;
- Жаңы тѳрѳлгѳн баланы баланы тѳрѳтканадан шаан шѳкѳтсүз чыгарылсын.
5. Маркумду узатуу.
- Маркумду узатууда 3 күн аза күтүлгѳн жерде мал союлбасын;
- Алыстан келген мыймандарга кошуналардын үйүндѳ жеңил түрдѳ тамак берилип, 20 кг дан ашпаган эт менен узатылсын;
- Аза күтүлгѳн жерде маркумдун туугандарына тон жабуу белбоо байлоо, кездеме берүүлѳр токтотулсун;
- пайшембилик ѳткѳрүүдѳ ар ким ѳздѳрү гана дуа кылсын (маалани чакырбай);
- Маркумдун кыздарын узатуу кудайысында сарпай кылынбай , себет тартылбай кудайылары ѳткѳрүлсүн.
6. Ажы – умра тойлор.
- Ажыдан келген эркектерге тон жабуу, аялдарга кѳйнѳк берүү ж.б. кийим кече кийгизүү токтотулсун;
- Ажы тойго келген конокторго замзам суу менен ооз тийгизүү менен чектелсин;
- Ажы тойдо таспи, топу, жайнамаз белектер берилбесин.
7. Даталуу майрамдар.
- Мектептеги бала-бакчалардагы акыркы коңгуроо, даталуу күндѳрү мугалимдерге ж. б. негизсиз иш-чараларга акча чогултуу токтотулсун;
- Орто мектептин окуучуларына кечки саат 20:00 дѳн кийин ар кандай салтанаттарды ѳткѳрүүгѳ тыюу салынсын;
- Студенттер тарабынан ѳткѳрүлүүчү шеринелер шаан-шѳкѳтсүз айылдарда бакыр-чакырга алдырбай кечки 20:00гѳ чейин ѳткѳрүлсүн.
- Айылдарда айт майрамдары маркумдун айттыгын ѳткѳрүү боюнча тартиптүү, жыйнактуу болуу үчүн Кыштут айылынын тажрыйбасын эске алуу менен мечиттерде ѳткѳрүлсүн.