Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-апрели №70
Суу-Башы айыл аймагындагы коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуунун абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Баткен РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын аймактык милициянын улук ыйгарымдуу өкүлү, милициянын капитаны Ж.Карабаевдын 2024-жылга карата аткарылган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен РИИБнүн участкалык тескөөчүлөрүнүн Суу-Башы айыл аймагындагы коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуу боюнча 2024-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |