Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-апрели №71
Суу-Башы айыл аймагындагы КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагындагы КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) төрайымы Г.Жолдубаеванын,аялдар кеңешинин төрайымы Б.Топчубаеванын жана аксакалдар сотунун төрагасы К.Абдимиталиповдун 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы КААБнун (коомдук алдын алуу борборунун) 2024-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |