Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-апрели №76
Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин тоорук өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамына ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 10-апрелиндеги № 183 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлеринин №829 контурунун №2 лотунда жайгашкан 5,0 га, №168 контурунда жайгашкан 2,0 га жана №852 контурунда жайгашкан 5,5 га жалпы 12,5 га жер аянттарына кайрадан тоорук өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап, кайрадан тоорук өткөрүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына тапшырылсын
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |