Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-апрели №77
Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы «Суу-Башы-Суу»ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин үй-чарбаларына таза сууну киргизүү кызматынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамына ылайык, Кара-Булак ИСКАКБнин жетекчиси Н.Балташовдун 2025-жылдын 18-апрелиндеги жазган билдирүүсүн жана Кара-Булак айылынын элдик чогулушунун протоколунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Булак, Айгүл-Таш айылдарынын айыл башчысы А.Абдиламитовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Шакиров |
Тиркеме №1
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
№ 77 токтомуна тиркеме
№ | Кызматы жана материалдын аталышы | бирдиги | өлчөмү | Баасы, сом |
1 | Экскаватордун казуу, көмүү кызматы | метр | 1 | 100 |
2 | Түтүктөрдү сатып алуу баасы (сапар чыгымдары) | метр | 1 | 30 |
3 | Түтүктөрдү ташып келүү (ОШ-Кара-Булак) | метр | 1 | 2 |
4 | Түтүктөрдү (сактоо, түшүрүү) | метр | 1 | 1 |
5 | Жумшак топурак ташып келүү | метр | 1 | 50 |
6 | Жумшак топуракты кол менен төшөө | метр | 1 | 50 |
7 | Эске алынбаган чыгымдар | процент | 15% | 35сом |
| Жалпы сумма: | метр | 1 | 268сом |
1 | Жазылуучу китеп | даана | 2 | 200 |
2 | ИСКАКБнин суу туташтыруу кызматы | 1 кожолук | 1 | 1000 |
Жооптуу катчы: Р.Нурматова