Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-апрели №78
“Бужун” гимназия-мектебин кайра атоо жөнүндөгү мурдагы Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №85 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтомун жетекчиликке алып,”Бужун” гимназия-мектебинин директору Бурханова Бүүмайрам Жолдошовнанын 2025-жылдын 23-апрелиндеги №170 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1-пункт: “Бужун” гимназия-мектебинин “гимназия статусу” жоюлгандыгына байланыштуу, “Бужун”жалпы билим берүү мектеби деп атоого макулдук берилсин.
2-пункт: Жаңыдан курулуп жаткан мектеп имараты бүткөндөн кийин ”Бужун“ жалпы билим берүү мектебин аталган имаратка которууга макулдук берилсин.
2. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Шакиров |