Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы)
2025-жылдын 24-апрели №2
Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу эрежелерин бекитип берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу”иштери жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин
2025-жылдын 24-апрелиндеги
№2 токтому менен бекитилсин
Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу
Эрежелери
I. Жалпы бөлүк.
1.1. Акыркы жылдары коомчулукта маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорлук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешүүдө. Каза болгон маркумдун бир туугандары темирден, таштан, граниттен же мрамордон кичи эстеликтерди орнотуучу, анысы аз келгенсип өтө чоң курулмаларды, күмбөздөрдү курган учурлар кездешет. Кээ бир учурларда маркумдун статуясын орнотууда, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосууда. Натыйжада акча каражаттары ашыкча чыгымдалууда. Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлөрдүн бюджетине зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет.
Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, коомдун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу аткаруу органдарынын жана коомчулуктун ар бир катмарынын милдетин болуп калыш керек. Аны коомчулуктун кеңири катмары түшүнүп жетиши зарыл.
Раззаков шаарынын жарандары маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу ишинде өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана көп өлчөмдөгү акча каражаттарын чыгымдабастан, өткөрүшү зарыл. Керексиз чыгымдарды азайтуу, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу ишин жөнгө салуу максатында ушул Жобо иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" КР Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ №296 Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтому менен бекитилген “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө” нускамага ылайык (мындан ары Нускама) иштелип чыкты, эрежелерди жана чектөөлөрдү камтыйт жана шаардын жашоочулары, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан аткарууга милдеттүү.
2. Маркумдук сөөгүн жайга коюу жана көмүү иши.
2.1. Сөөктү жайга коюуну маркумдун же аны узатууну жүзөгө ашыруучу жактын керээзине ылайык анын дин тутуусун, Кыргыз Республикасынын экологиялык, санитардык, шаар куруу жана башка ченемдерине каршы келбеген үрп-адаттарын жана каада-салттарын эске алуу менен анын денесин (сөөгүн) жерге (мүрзөгө) көмүү менен жүзөгө ашырылат.
2.2. Көмүүлөр бош жерге көмүү жана туугандык (көрдүн жанына) көмүү болуп бөлүнөт.
Каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн көрүстөндүн көмүү үчүн кайра бөлүнгөн (мурда эч ким көмүлбөгөн) жер участогунда жерге берүү бош жерге көмүү болуп саналат.
Туугандык көмүү (көрдүн жанына көмүү) болуп каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндүн бул участогунда мурда көмүлгөн көрдүн жанындагы бош жерге көмүү саналат. Каза болгон адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндөрдөгү мурда көмүлгөн көрдүн жанына көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу же суранычы болгон учурда жүргүзүлөт.
2.3. Бош жерге көмүүнү жүргүзүүнүн убакыты жана жери шаардын тиешелүү кварталынын же айылдын башчысы жана мечит имамы менен макулдашууга ылайык жөнгө салынат.
2.4. Маркумдук сөөгүн жайга коюу жана көмүүгө чейинки ырасымдар, а.и. каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо, жууп-тазалоо, кепиндөө, капкактуу табытка салуу жана көрүстөнгө жеткирүү иштери маркумдун жакын туугандары тарабынан аткарылат.