Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
СУУ-БАШЫ айылдык КЕҢЕШИНИН VII САКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IX СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-майы №79
Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-майындагы №244 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-майындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык ишмердүүлүгүн жогорулатуу жана эл аралык денгээлдеги иш-чараларды өткөрүүчү атайын резиденция куруу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы №757 контурунда жайгашкан 1,0 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Көп жылдык мөмө-жемиш бактар” түрүнөн “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |