Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 28-майы № 42
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Алтын-Бешик айыл аймагында жайгашкан жер аянтында лицензиялык ишмердуулугун жургузуу учун жер аянтын убактылуу бөлуп берүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - «Кыргызгеология» МИ) 2025-жылдын 10-мартындагы чыгыш № 01-01/170 сандуу кайрылуу катын жана Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 12.11.2024-жылдын 01-13/3447 сандуу катынын негизинде Алтын-Бешик айылдык кеӊеши карап чыгып, жалпы депуттардын макулдугуна ылайык Алтын-Бешик айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2023-жылдын 1-декабрында берилген 7436 АР лицензиянын негизинде Алтын–Бешик айыл аймагында жайгашкан 4912,26 (төрт мин тогуз жуз он эки бутун жуздон жыйырма алты) га жер аянтын «Кыргызгеология» МИ тарабынан чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу,Лицензияда көрсөтүлгөн 2027-жылдын 1-ноябрына чейин пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | А. Матраимова |