Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 34
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи кварталында аткарылган иштердин маалыматы жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун 2025-жылдын биринчи кварталында аткарылган иштирдин маалыматын, айылдык кеңешинин финансы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун 2025-жылдын биринчи кварталында аткарылган иштердин маалыматы кемчиликтер менен канааттандырарлык деп табылды.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
3.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |