Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 35
Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби боюнча ЖОБОсун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобону, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-апрелиндеги отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБО бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Өмүровго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча туруктуу комиссиясына жана төраганын орун басарына жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тиркеме 4 баракта, 2 нускада.
Төрага: |
Т.Исманов |
1-тиркеме
Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги кезектеги VI сессиясынын №35 токтомуна тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул, Жобо Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) – ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Айылдык кеңештин токтому менен бекитилген.
Ушул ЖОБОго ылайык айылдык кенештин төрөгасы же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чоң майрамдык иш чараларга карата салтанатуу түрдө коомчулуктун алдында ыйгарылат.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары–айыл өкмөтү, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.4 “ Ак-Татыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айыл аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Ак-Татыр айылдык кеңешинин чечими менен берилет. Ак-Татыр айылдык кеңеш “ Ак-Татыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилей алат.
1.5 “ Ак-Татыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү
Сунуштарды айыл өкмөтү же айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
1.6 Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.7 Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 4 адамга гана ыйгарылат.
II. Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар
2.1 Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Ак-Татыр, Рават, Орто-Боз, Үч-Дөбө айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Ак-Татыр айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
- СССР дин, Эмгектин, КР нын Баатырларына;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;
- Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;
- Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,
- Инвестициялык долбоорлорду тартып, Ак-Татыр айыл аймагынын инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга
- Ушул аймакта туруктуу 10 жыл жашаган жарандарга жана ж.б берилет.
III. Аймактын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылат.
3.2 Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын
Даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.3 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Ак-Татыр айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.4 «Ак-Татыр айылынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.
3.5 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар
тарабынан сунушталган болсо:
•Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтыкпротоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу же токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
•“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айылга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү.
VI Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу
4.1 Ак-Татыр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда айылдык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:
- Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;
- Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Ак-Татыр айыл аймагынын, кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Төрага Т.Исманов