Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 36
Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү Регламентин бекитүү боюнча айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-апрелиндеги отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү Регламентин бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча туруктуу комиссиясына жана төраганын орун басарына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын. 5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тиркеме 6 баракта, 2 нускада.
Төрага: |
Т.Исманов |
1-тиркеме
Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги кезектеги VI сессиясынын №36 токтомуна тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Регламенти
1. Жалпы жоболор
2. Жергиликтүү кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын алдында отчетторун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Бул Типтүү регламент (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун камтыйт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчет берүүсүнүн Типтүү Регламенти – бул жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилчү акт, ал жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнүн тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын отчет берүүсүнүн тартибин регламенттештирет.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, жергиликтүү жамаатты талкуу процессине тартуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө тургундарды маалымдоо ушул Типтүү Регламенттин максаты болуп саналат.
1.3. Типтүү Регламент Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жергиликтүү жамааттарынын конституциялык укуктарын коргоо принциптерине негизделип, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматты өз убагында алуу укугун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу укугун камсыз кылат.
1.4. Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, ал эми жергиликтүү жамааттын алдында — өз ишинин жыйынтыктары үчүн жооптуу болушат.
1.5. Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
1.6. Жергиликтүү жамааттар коомдук жана мамлекеттик турмуштун маселелерин, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында) жана курултайларында талкуулоо формасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышат.
1.7. Ак-Татыр жергиликтүү кеңешинин депутаты өз округунун шайлоочуларынын алдында жооптуу жана аларга отчет берет.
1.8. Ак-Татыр жергиликтүү кеңешинин депутаты маал-маалы менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жолу өз иши жөнүндө шайлоочулардын жана жарандардын жамааттарынын алдында отчет берип турууга милдеттүү.
1.9. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү бюджеттин долбоорун айылдык кеңешке бекитүүгө берет, жергиликтүү маанидеги маселелердин жана бюджеттин аткарылышы, ошондой эле муниципалдык менчиктин пайдаланылышы жөнүндө жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет.
2-глава. Жергиликтүү кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби