Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 39
Ак-Татыр айылдык аймакта жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык аймакта жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби Жобосун бекитүү боюнча айылдык кеңешинин айыл чарба, арго өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-апрелиндеги отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, арго өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана төраганын орун басарына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тиркеме 8 баракта, 2 нускада.
Төрага: |
Т.Исманов |
1-тиркеме
Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги кезектеги VI сессиясынын №39 токтомуна тиркеме
Ак-Татыр айылдык аймакта жеке менчик турак-үй курууүчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
Айылдык аймакта жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Турак Жай Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 Токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак-үй куруу учүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун» жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык иштелип чыкты жана Ак-Татыр айылдык аймакта бош жерлер болгон шартта жер участокторун жеке менчик турак-үй куруу үчүн акысыз берүүнүн тартибин жөнгө салат.
Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
-башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнуктурууну келечектуу шаар куруу багытында пландоо жөнундө шаар куруу документтери;
-жер участогу - туташ чектелген жер аянты;
-короо-жай участогу (там-арка) - мамлекеттик бийлик же жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү) тарабынан турак-уй куруу учун жарандарга бөлунуп берилген, улуш эмес, бирок, турак-уйгө танапташ жаткан жер;
-жер участогун болуу – Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде чек арасын көрсөтуу менен жер участогун накталай бөлуп беруу;
-жер участоктун өлчөмү - мыйзамда белгиленген тартипте айылдык кеңеши тарабынан аныкталып, тиешелуу токтом менен бекитилген жеке турак-уй куруу учун бир адамга берилчү жер участоктун чарчы метр же гектар менен эсептелинген аянты;
-жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, Жер Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, Жер Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзунө таандык жер участогун, өзу каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;
-жеке турак-үй - жеке турак-уй куруу учун бөлунуп берилген жер участогуна курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулар тарабынан жашоо учун пайдаланылуучу белгилуу бир жеке турак имараты;
-турак-уйдун жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана терассаларды кошпогондо, турак-уйдун турак жана турак эмес аянттарынын суммасы;
-турак-уйдун турак аянты - турак-уйдөгу чарчы метр менен эсептелинген турак бөлмөлөрунун аянттарынын суммасы;
-турак жай аянтынын ченеми - Кыргыз Республикасында турак жай аянтынын ченеми Өкмөт тарабынан белгиленет жана бир адамга 12 чарчы метрден кем болбоого тийиш;
-турак жай аянтынын социалдык ченеми - Кыргыз Республикасында турак жай аянтынын социалдык ченеми бир адамга турак жайдын жалпы аянтынын 18 чарчы метр өлчөмундө белгиленген.