Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 40
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынан өнөр жайга пайдаланууга туннел ачуу үчүн которуштурууга айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынан мамлекеттик менчикте турган тоонун ичинен туннел өткөрүү максатында 2414 га пк/мерт аралыктагы жер аянтын ”Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссия төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |