Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 22-январы № 11

 Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана 2025-жылга индикативдик планын бекитүү жөнүндө.

 

   Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Д.Бекмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана

2025-жылга индикативдик планын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги II сессиясы

                                             Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин.

 

3.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга индикативдик планы бекитилсин.

 

4.Ак-Суу айыл аймагы боюнча статтык маалыматтарды так,туура өз убагында жүргүзүү

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Д.Бекмуратовго милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын

 

 

 

Төрага

А.Саматов