Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 22-январы № 15

 Ак-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы жана депутаттардын туруктуу комиссияларынын иш  пландарын бекитүү жөнүндө”.

 

  Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы У.Шамуратовдун Ак-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы жана депутаттардын туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү боюнчабилдирүүсүн угуп жана талкуулап,

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги

II сессиясы

                                              ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы У.Шамуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы жана депутаттардын туруктуу комиссияларынын иш пландары бекитилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.

Төрага

А.Саматов