Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 22-январы № 16

 Ак-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар  бирикмеси,”Ак-Суу ИСКАКБ” калкка  кызмат көрсөтүү ишканаларын жоюу жөнүндө”.

 

  КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 токтомунун алкагында жана 2025-жылдын 14-15-январында өткөрүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү

 кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектегиII сессиясы

                                              ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү  көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси,”Ак-Суу ИСКАКБ” калкка кызмат көрсөтүү ишканаларын жоюуга макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго милдеттендирилсин.

 

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.

Төрага

А.Саматов