Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 22-январы № 18

  Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында жол белгилерин коюуга макулдук берүү жөнүндө”.

 

  Лейлек РИИБ нын 2025-жылдын 20-январындагы №34-7,49 сандуу чыгыш катынын негизинде Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспектору Лейлек РИИБдин КККнын  МАЫӨ милициянын майору Н.Түркбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги

II сессиясы

                                              ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.Лейлек РИИБдин КККнын МАЫӨ милициянын майору Н.Түркбаевдин билдирүүсү  көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында,Жеңиш айылындагы Достук көчөсүнө,Алга айылындагы Орто жана Мазар үстү көчөлөрүнө,

Ак-Суу айылындагы Раззаков-Достук,Раззаков-Береке көчөлөрүнүн кесилишине жасалма тегиз эмес жол жана жол коопсуздугун көрсөткөн жол белгилерин орнотууга

макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспектору  РИИБдин КККнын МАЫӨ милициянын майору Н.Түркбаевге милдеттендирилсин.

 

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.

Төрага

А.Саматов