Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 22-январы № 21

“Айылдык ден соолук комитетине колдоо  көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө”.

 

   Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу,Суу-Башы айылдарында түзүлгөн  Айылдык ден соолук комитетинин башчылары М.Кенжебаева,Г.Абдрахмановалардын билдирүү каттарын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектегиII сессиясы

                                              ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу,Суу-Башы айылдарында түзүлгөн  Айылдык ден соолук комитетинин башчылары М.Кенжебаева,Г.Абдрахмановалардын билдирүү каттары көңүлгө алынсын.

 

2. Айылдык денсоолук комитеттерин колдоо максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10 000 (он миң) сом акча каражатын берүүгө  макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин.

 

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл айылыдык кеңешинин экономика,

бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Саматов