Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 22-январы № 23

“Грек-Рим күрөшү боюнча спорттук иш чараны өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө”.

 

    Суу-Башы айылынын жашоочусу,Грек-Рим күрөшү боюнча СССР спортунун чебери О.Тилековдун атына спорттук иш-чараны өткөрүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн

Суу-Башы айылынын элинин кайрылуусун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектегиII сессиясы

                                              ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Суу-Башы айылынын элинин кайрылуусу көңүлгө алынсын.

 

2. СССР спортунун чебери О.Тилековдун атына Грек-Рим күрөшү боюнча спорттук

иш-чараны өткөрүү үчүн  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен 200 000 (эки жүз) миң сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин.

 

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,

бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Саматов