Редакцияот 22.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 22-январы № 24

                     “Соода борборлорун  ижарага берүү  жөнүндө”.

 

    Ак-Суу айылынын борборундагы кичи базарды ишкерлерге ижарага берүү боюнча жергиликтүү калктын кайрылуусун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык кеңешинин

VIII чакырылышынын кезектегиII сессиясы

                                              ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу айылынын жергиликтүү жашоочуларынын кайрылуусу көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айылынын борборундагы  кичи базарды оңдоп-түзөп, шартты жакшыртып,

ишкерлерге мыйзам чегинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевге милдеттендирилсин.

 

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,

бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Саматов