Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы № 26

“Турак имараттары жана жайлары үчүн салык  өлчөмүн бекитүү жөнүндө”.

 

 

  КР Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын 2025-жылдын

12-февралындагы №37 “КР Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 14-февралындагы чыгыш

№24-2-12/1959 сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз III сессиясы

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.КР Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын 2025-жылдын

12-февралындагы №37 “КР Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы аткарууга алынсын.

 

2.” КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө ” КР Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна ылайык 2025-2027-жылдарга салык мезгилдери жана Салык кодексинин

379-беренесине ылайык турак имараттары жана жайлары үчүн салык 1 (бир) чарчы метрине 10 (он) сом өлчөмүндө мүлк салыгы бекитилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А.Саматов