Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы № 29

“Шалы оруп,жыйноочу комбайн сатып алууга макулдук берүү жөнүндө ”.

 

 

  Ак-Суу айыл аймагынын калкынын шалыларын  (күрүч) оруп,жыйноодо дыйкандарга ыңгайлуу шарт түзүү менен айыл өкмөттүн бюджетин өстүрүү максатында жергиликтүү калктын кайрылуусунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

                                                     ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.

 

2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Шалы оруп,жыйнооч комбайн сатып алууга өкмөттүн өздүк салымы катары 1000 000 (бир миллион) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Калган керектелүүчү 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмдөгү  сумма Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А.Саматов