Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1II-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы № 30

“Көрктөндүрүү үчүн бак-дарак тиккенге жер берүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.

 

 

  Ак-Суу айылынын жашоочусу Т.Ганыбаевдин арызынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

                                                     ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.Ак-Суу айылынын жашоочусу Т.Ганыбаевдин арызы көңүлгө алынсын.

2.Ак-Суу айылынын жашоочусу Т.Ганыбаевдин арызы канааттандырылсын.Бак-дарак тигип,көрктөндүрүү үчүн 0,70 га жер бөлүгүн  берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Шамшиевге жүктөлсүн.

 

4.Көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Саматов