Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышы
ТОКТОМ
03.06.2025-ж. №50
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин
Ысык-Көл облусу боюнча Ак-Суу райондук бөлүмүнө имарат
салуу үчүн жер участогун берүүгө макулдук берүү
Айыл өкмөтүнүн сунушун карап, жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын Ак-Суу айылынын Кыдыр Аке көчөсүндөгү 96/1 а дарегинде жайгашкан 1500,0 чарчы метр жер участогун Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча Ак-Суу райондук бөлүмүнө имарат салуу үчүн акысыз жана мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен берүүгө макулдук берилсин
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов