Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылыштын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ
09.06.2025-ж. №51
Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан айылдарга, жаңы конуштарга, аянттарга, көчөлөргө, парктарга, эс алуучу жайларга, аллеяларга, муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүү жана аталыштарын өзгөртүү
жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекиген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону” жетекчиликке алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан айылдарга, жаңы конуштарга, аянттарга, көчөлөргө, парктарга, эс алуучу жайларга, аллеяларга, муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүү жана аталыштарын өзгөртүү жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин
2025-жылдын 9-июнундагы
№51 токтому менен бекитилди
Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан айылдарга, жаңы конуштарга, аянттарга, көчөлөргө, парктарга, эс алуучу жайларга, аллеяларга, муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүү жана аталыштарын өзгөртүү
жөнүндө жобо
1. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул жобо Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан айылдарга, жаңы конуштарга, аянттарга, көчөлөргө, парктарга, эс алуучу жайларга, аллеяларга, муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүүнүн жана аталыштарын өзгөртүүнүн тартибин аныктайт.
1.2 Кыдыр Аке айыл аймагынын конуштарын, аянттарын, парктарын, эс алуучу жайларын, көчөлөрүн, аллеяларын, муниципалдык мекеме/ишканаларын атоо жана өзгөртүп атоо жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен (сурамжылоо ж.б. ыкмалар) жүргүзүлөт.
1.3 Аталыштарды берүү жана кайра атоо жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү кабыл алып, жобого ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, айылдын жалпы жыйналышына талкууга коет.
1.4 Аталган объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо тиешелүү атоолордун жана өзгөртүп атоолордун максатка ылайыктуулугу жана негиздүүлүгү эске алынып, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгондон кийин колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат. Кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде айыл өкмөтү тарабынан андан аркы иштер жүзөгө ашырылат
1.6. Бул жобо айыл аймакта жайгашкан мамлекеттик мекеме/ишканаларды атоо жана аталыштарын өзгөртүүгө колдонулбайт. Буга тиешелүү иш аракеттер ведомстволук мамлекеттик мекеме ишканалар тарабынан жүргүзүлүп, райондук мамлекеттик администрация менен бирдикте иш алып барылат.
2. Айылдардын аталыштарын өзгөртүү
2.1 Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери артыкчылыктуу тартипте эске алынат.
2.2 Аталыштарды берүүгө жана аталыштарды өзгөртүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
- эгерде бир катар бир түрдүү географиялык объекттердин аталыштары бирдей болгон учурда, бул чарбалык же башка иште кыйынчылыктарды жаратса;
- айрым объекттерге жоголгон, бирок буга чейин жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайтарып берүү максатында.
Ушул пунктта аныкталган критерийлерге ылайык административдик-аймактык бирдиктерге, калктуу конуштарга жана аты аталбаган географиялык объекттерге географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө, өздөштүрүүгө же негиздөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттары, ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн жана мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген тарыхый инсандардын ысымдары ыйгарылат. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө жана өздөштүрүүгө түздөн-түз катышкан, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлде таанылган, экономикалык жана илимий натыйжалары мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар;
- жогорку мамлекеттик кызматтарды жана республикалык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, калыптандырууга жана өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошкон, элдин бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга жана коомду өнүктүрүүгө багытталган максаттарды иш жүзүндө ишке ашырган адамдар;
- калктын жашоосун жакшыртууну өнүктүрүү багытындагы процесске, тынчтыкты сактоого салым кошкон тарыхый инсандар, коомдук ишмерлер;
- илимий ачылыштары дүйнөлүк, эл аралык, мамлекеттик масштабдагы илимий коомчулук тарабынан ири илимий ачылыштардан деп таанылган, анын практикада колдонулушу коомду жана мамлекетти өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттун өз аң-сезимин өнүктүрүүгө, адамдын коомдогу өзүнүн ролун билүүсүнө өбөлгө түзгөн окумуштуулар;
- дүйнөлүк маданиятта, кыргыз элинин маданиятында жогорку баалуулукту чагылдырган өзүнүн чыгармалары жана аткарган ролдору аркылуу дүйнөлүк жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган маданияттын өкүлдөрү;
- өмүргө коркунуч туудурган жагдайларда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жан аябаган эрдикти, туруктуулукту көрсөткөн адамдар;
- Кыргыз Республикасынын жана СССРдин төмөнкү мамлекеттик сыйлыктары жана мамлекеттик сый-акылары менен сыйланган адамдар:
"Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы, Советтик Союзунун Баатыры жана Социалисттик эмгектин Баатыры наамдары, үч даражадагы "Манас" ордени, Ленин, үч даражадагы Даңк, үч даражадагы Эмгек даңкы (СССР) ордендери менен сыйлангандар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, СССРдин Ленин жана Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары.
2.3 Административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын, ошондой эле аталышы жок географиялык объекттердин сунушталган атоолорунун же өзгөртүп атоолорунун жогоруда көрсөтүлгөн белгиленген критерийлерге ылайык келиши Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундуларынын негизинде, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдөгү илимий-коомдук уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш маселелерин жана географиялык аталыштарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралат, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизилет.
Географиялык объекттерди атоодо же өзгөртүп атоодо бир эле административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объекттерге бир эле аталышты ыйгарууга тыюу салынат.
2.4 Айылдардын аталышын өзгөртүп атоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо олуттуу чыгымдарды алып келерин, байланыш, транспорт ишканаларынын ишинде кыйынчылыктарды алып келерин, жергиликтүү калкка ыңгайсыздыктарды жаратарын, ошондой эле кээде этностук топтордун жана уруулардын ортосундагы чыр-чатактуу жагдайларга алып келерин эске алуу менен аларды терең жана ар тараптуу изилдөө зарыл.
Айыл өкмөтү жергиликтүү коомчулуктун пикирин аныктайт, зарыл чыгымдар жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдайт, андан кийин географиялык объекттерди атоо же өзгөртүп атоо жөнүндө келип түшкөн сунушту жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет. Кеңеш жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен чечим кабыл алат, ал жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберилет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жиберет.
Сунуш Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жактырылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты документтерди Ведомстволор аралык комиссияга жиберет.
Сунуш жактырылганда Ведомстволор аралык комиссия тарабынан мыйзамдын долбоору иштелип чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушту жактырган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
3.Айыл аймактын конуштарына, аянттарына, көчөлөрүнө, парктарына,
эс алуучу жайларына, аллеяларына жаңы аталыштарды берүү жана аталыштарды өзгөртүү
3.1 Конушту, көчөлөрдү, аянттарды, парктарды, эс алуучу жайларды, аллеяларды атоо мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3.2 Кыргыз элинин тарыхындагы, адабиятындагы баатырлардын, каармандардын, аты менен атоого жол берилет.
3.3 Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, салтын, үрп-адатын, улуттук наркын чагылдырган, ынтымакка, биримдикке, жакшылыкка үндөгөн сөздөр менен атоого жол берилет.
3.4 Дүйнөлүк маданиятта, кыргыз элинин маданиятында жогорку баалуулукту чагылдырган өзүнүн чыгармалары жана аткарган ролдору аркылуу дүйнөлүк жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган маданияттын залкар адамдарынын аты менен атоого жол берилет.
3.5 Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, калыптандырууга жана өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошкон, элдин бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга жана коомду өнүктүрүүгө багытталган максаттарды иш жүзүндө ишке ашырган адамдар.
3.6 Эгерде парктарга, конуштарга, көчөлөргө, аллеяларга жана аянттарга айыл аймактын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө зор салымын кошкон адамдын аты ыйгарыла турган болсо, бардык чыгымдар демилге көтөргөн тарапка социалдык пакети милдеттендирилет жана көчөнү (аллея.парк ж.б.) көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу, санитардык тазалоо, арыктарын жасатуу иштерине өздүк салым кошуу жагы зарыл болуп саналат. Ошондой эле, демилгечи тарап ысым ыйгарылган адам тууралуу көчөгө маалымат тактасын дайындап, анда айыл аймакка кошкон зор салымы жана соц. пакетин так көрсөтүп жазат.
Айыл өкмөтү менен демилгелөөчү тараптын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлүп, анда мөөнөтү жана шарттары, милдеттери так көрсөтүлөт.
3.7. 3.6-пунктта көрсөтүлгөн талаптар ушул жобо чыкканга чейин ысымдар ыйгарылган көчөлөрдүндемилгечилерине дагы милдеттүү болуп саналат.
3.8 Айыл аймактагы бир көчөгө бир гана аталыш берилет, көчөнү бөлүктөргө бөлүп атоого тыюу салынат.
3.9. Айыл аймактагыпарктарга, конуштарга, көчөлөргө, аллеяларга жана аянттарга адамдын аты ыйгарылбаган жалпыга бирдей болгон аталыштар берилсе, төмөндөгүлөр айыл өкмөтүнө милдеттендирилет:
- көчөгө атайын формадагы темир тактага көчөнүн атын жасатып, ушул көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине, көчөнүн баш жана аяк жагына орнотуу;
- көчөнүн жолун, арыктарын ирээтке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жарык менен камсыз кылуу;
- парктарды, аллеяларды, аянттарды, эс алуучу жайларды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, иштешин камсыз кылуу.
3.10 Жаны аталыш берүүгө жана өзгөртүүгө талап кылынган иш кагаздары:
- жергиликтүү калкты сурамжылоо анкеталары, сунуштары кагаз түрүндө же электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн;
- көчөлөргө, аллеяларга, конуштарга ат берүү жана өзгөртүү маселеси боюнча ошол көчөдө, конушта жашаган 18 жаштан жогорку жашаган тургундар менен өткөрүлгөн чогулуштун протоколу менен сунуш даярдалат;
- даярдалган сунуш айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна сунушталат.
4. Муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүү
4.1 Муниципалдык мекеме/ишканаларга жаңы аталыштарды берүү айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, айылдык кеңештин кароосуна сунушталат.
4.2 Мемеке/ишканага жаңы аталышты берүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушунда төмөндөгү иш кагаздары болуусу зарыл:
- мекеме/ишкананын аннотациясы;
- объекттин жайгашкан жери;
- атоонун, өзгөртүп атоонун себептери;
- укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;
- айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары.
5. Корутунду
5.1 Айыл аймактын конуштарына, аянттарына, көчөлөрүнө, парктарына, эс алуучу жайларына, аллеяларына, муниципалдык мекеме/ишканаларга ушул Жобону бузуу менен жүргүзүлгөн атоо жана өзгөртүп атоо жараксыз деп таанылат.
5.2 2017-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын жарандарына тексттик, машина окуй турган жана электрондук түрдөгү маалыматтары бар Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык паспорту (ID карта) колдонулууда, буга байланыштуу эгерде жаран өзүнүн маалыматтарында бир нерсени өзгөртүүгө муктаж болсо, анда ага бардык керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн калкты тейлөө борборуна кайрылат жана өзгөртүүлөр чипке гана киргизилет.
5.3. Айыл аймактын аты өзгөрүлгөн учурда аймакта жайгашкан мекеме/ишканалар, уюмдар, коомдор өздөрүнүн иш кагаздарындагы эски аталышты, жаңыча аталышка өзгөртүүгө милдеттүү болушат. Ал эми жаңыча аталыш айыл аймактын тургундары буга чейин алган өздүк документтерин алмаштырууга зарылчылыгы жок.