Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ
09.06.2025-ж. №55
Ново-Константиновка айылынын Чоң Жергез борбордук көчөсүнүн атылышын
генерал-майор Тавалды Молдобаев атындагы көчө деп өзгөртүп атоого
макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун негизинде жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ново-Константиновка айылынын Чоң Жергез борбордук көчөсүнүн атылышын генерал-майор Тавалды Молдобаев атындагы көчө деп өзгөртүп атоого макулдук берилсин.
2. Демилге көтөргөн тарап менен айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов