Редакцияот 26.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

 

II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

 09.06.2025-ж. №57

 

Пионер айылындагы №945, 946, 947 контурларындагы 1,2 га жайыт жеринин багытын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка  багыттагы жерлер” категориясына 

которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде жергиликтүү  кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколуна ылайык  айыл аймагынын жергиликтүү  кеңеши токтом кылат:

  1. Пионер айылындагы №945, 946, 947 контурларындагы 1,2 га жайыт жеринин багытын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка  багыттагы жерлер” категориясына  которууга макулдук берилсин.

  2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                           Б.С.Акунов