Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 3-апрели № III
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Бөрү айылындагы
№90 А.Саипов атындагы орто мектебинин актовой залын
райондук өнүктүрүү фондунан капиталдык ремонттоого долбоор жазуу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 26.03.2025-жылындагы чыгыш №01-19/105 сандуу катын карап, Бөрү айылындагы №90 А.Саипов атындагы орто мектебинин актовой залын капиталдык ремонттоо максатында Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, ремонттоого Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Бөрү айылындагы №90 А.Саипов атындагы орто мектебинин актовой залын капиталдык ремонттоо максатында Кара-Суу райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 311 932 сом ( бир миллион үч жүз он бир миң тогуз жүз отуз эки сом) суралсын.
2. Бул токтомдун сметалык тийиштүү иш кагаздарды жана проекттерди даярдап, токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |