Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 3-апрели № IV
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Шут жайлоосуна
көпүрө салуу максатында Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазуу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 26.03.2025-жылындагы чыгыш №01-19/105 сандуу катын карап, Шут жайлоосуна көпүрө салууга Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, бүтүрүү максатында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Шут жайлоосуна көпүрө салууга Ош облустук региондорду өнүктүрүү фонду тарабынан бүтүрүү максатында 800 000 (сегиз жүз миң ) сомдук долбоор жазууга Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун сметалык тийиштүү иш кагаздарын жана проекттерин даярдап, токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |