Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № II
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кара-Гур айылындагы
жолду асфальттоо максатында Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазуу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 22.04.2025-жылындагы чыгыш №01-2/464 сандуу катын карап, ДЭУ №21 муниципалдык ишканасына караган Ош-Ак-Терек-Папан-Кожо-Келен жолунун Кара-Гур айылындагы 64-65-чакырымына Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, асфальттоо максатында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ДЭУ №21 муниципалдык ишканасына караган Ош-Ак-Терек-Папан-Кожо-Келен жолунун Кара-Гур айылындагы 64-65-чакырымына Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, асфальттоо максатында 9 948 740 (тогуз миллион тогуз жүз кырк сегиз миң жети жүз кырк) сомдук долбоор жазууга Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун сметалык тийиштүү иш кагаздарын жана проекттерин даярдап, токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |