Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № IV
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 22.04.2025-жылдагы чыгыш №01-2/464 сандуу катын карап жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ата-Мерек участкасында жайгашкан №1042- контурундагы 3,24 га жайыт жерин “Өнөр жайдын , транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) максатына ылайык Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ата-Мерек участкасындагы №1042- контурундагы 3,24 га жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура жана бюджет инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |