Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № VIII
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Андагул участкасындагы жайыт жерден, турак жай курууга 48,0 га жерди калктуу конушка трансформациялоо жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Андагул участкасындагы Лаглан, Бөрү каналынын жогорку жагындагы таштак жайыт эсебинде турган 48,0 га жерди Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын №01-2/464 сандуу катын карап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Андагул участкасындагы Лаглан, Бөрү каналынын түштүк-чыгыш жагындагы таштак жайыт эсебиндеги №507-508-509-511-514-515-520-527-контурдун ичинде жайгашкан 48,0 га жер аянтын турак үй куруу үчүн “Айыл чарба” багытынан “калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун ишке ашырылышын, жер аянтына тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |