Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № IX
Айыл өкмөттүн ижарага, конкурска, аукционго берилүүчү жерлери жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясында Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик жана ижара укугун берүү тартиби ачык-айкын болуу максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунун негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1 Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жана жайыт жерлерди ижарага берүүдө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан, коомчулуктан, конкурска, аукционго комиссия мүчөсү болуп катышууга макулдук берилсин.
2 Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3 Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура жана бюджет инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |