Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № X
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “ Папан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун карап жана талкуулап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1 Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Папан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы Арал айылынын тургуну Шанаев Чыңгыз Мейманбаевичке жана Алчалуу айылынын тургуну Осмонов Курсанбек Каныбековичке ыйгарылсын.
2 Шанаев Чыңгыз Мейманбаевичке жана Осмонов Курсанбек Каныбековичке ыйгарылган наамдарды мыйзам чегинде аткаруу жагы Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |